Nokia 2700 classic - Унаалар

background image

Унаалар

Радио жыштык сигналдары мотор унааларында туура эмес орнотулган же

тиешелүү түрдө корголбогон инжектордук, блоктоого каршы тормоздук

электрондук ылдамдыкты контролдоо, аба баштыктар системалары сыяктуу

электрондук системалардын иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Көбүрөөк

маалымат үчүн сиздин унааңыздын же кошумча жабдуулардын өндүрүүчүсү же

анын өкүлүнө кайрылыңыз.
Атайын даярдыгы бар адистер гана жабдууларды орнотуп же тейлеши керек.

Туура эмес орнотуу же тейлөө кооптуу болушу мүмкүн жана жабдууга мурда

берилген баардык кепилдиктерди жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин унааңызга

орнотулган зымсыз жабдуулар туура орнотулуп жана иштетилип жатканын маал

маалы менен текшерип туруңуз. Тез тутануучу суюктуктарды, газдарды же

жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап же

ташып жүрбөңүз. Аба жаздыктары менен жабдылган унаалар үчүн, аба

жаздыктары абдан күчтүү күйө тургандыгын эске алыңыз. Буюмдарды, анын

ичинде орнотулма же алып жүрүлүүчү зымсыз жабдууларды аба жаздыктары

орнотулган жерлердин үстүнө же аба жаздыктары жазыла турган мейкиндикке

койбоңуз. Эгер зымсыз жабдуулар туура эмес орнотулган болсо жана аба

жаздыктары тутанып кетсе, бул олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн.

Кошумча коопсуздук маалымат

© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

37

background image

Учакта учуу убагында сиздин аппаратыңызды пайдаланууга тыюу салынат.

Учакка кирүүдөн мурда аппаратыңызды өчүрүп коюңуз. Зымсыз

телеаппаратураны учактын ичинде колдонуу учактын иштөөсүнө тоскоол

келтирип, зымсыз телефон тармактарынын иштөөсүн бузуп жана мыйзамдарга

каршы келиши мүмкүн.