Nokia 2700 classic - Тастыктоо маалыматы (SAR)

background image

Тастыктоо маалыматы (SAR)

БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН

БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛДОМОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык

колдонмолордун радио толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө

сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз

каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден

соолук абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Зымсыз аппараттардын таасири боюнча колдонмолор Салыштырма Сиңме Чен

(SAR) аттуу өлчөө бирдигин пайдаланат. ICNIRP тарабынан аныкталган SAR

чектөөсү 10 грамм дене тканына орточо 2,0 Ватт/ килограммга (Вт/кг) барабар.

SAR боюнча текшерүүлер баардык жыштыктарда эң жогорку

сертификацияланган кубаттулукта, стандартту колдонуу калыбында иштеген

аппарат үчүн жүргүзүлгөн. Иш жүзүндө апараттын SAR деңгээли максималдык

чектен төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат тармак менен байланышууга

жетиштүү кубаттуулукту гана пайдаланып иштейт. Бул деңгээл тармактык

базалык станцияга чейинки аралык сыяктуу бир нече факторлордон көз

каранды. ICNIRP иштеп чыккан колдонмолорда көрсөтүлгөн кулака жакын

кармалган аппараттын жол берилген эң жогорку SAR деңгээли 0,84 Вт/кг.
Аппаратка туташтырылган кошумча жабдуулар колдонуусу SAR нарктарын

өзгөртүп салат. SAR нарктардын өзгөрүүсүнө өлкөдөгү отчет берүү стандарттар,

сынамак талаптар жана тармактын тилкеси өзүнүн салымын кошот. Кошумча

SAR маалыматты www.nokia.com өнүм маалымат астында таап алса болот.

Кошумча коопсуздук маалымат

© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

39