Nokia 2700 classic - Иштөө  чөйрөсү

background image

Иштөө чөйрөсү

Бул аппарат кулакка жакын нормалдуу калыпта же болбосо денеден жок дегенде

2,2 сентиметр (7/8 дюйм) алыстыкта колдонгон учурда радио жыштыктарын

колдонуу эрежелерине жооп берет. Сумка, кемер илгичи, же кутуча аппаратты

денеге жакын алып жүрүү үчүн колдонулса, алар металл тетиктерди камтыбаш

керек жана аппаратты денеден жогоруда айтылган алыстыкта кармашы керек.
Маалымат файлдарды же кабарларды жөнөтүү үчүн, бул аппарат тармактан

сапаттуу байланышты талап кылат. Кээ бир учурларда маалымат файлдарын же

кабарларды жөнөтүү бул сыяктуу байланыштын жеткиликтүү болушунча токтоп

калат. Маалымат жөнөтүү аяктаганга чейин жогоруда айтылган алыстык жөнүндө

көрсөтмөлөр аткарылышына көңүл буруңуз.
Аппараттын бөлүктөрү магниттелген. Металлдык материалдар аппаратка

жабышып калат. Кредиттик карточкаларды же башка магниттик сактоо

каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде сакталган

маалымат өчүп калышы мумкун.