Nokia 2700 classic - Тармак кызматтар

background image

Тармак кызматтар

Телефонду колдонуу үчүн сизде зымсыз байланыш кызматынан тейлөө болушу

керек. Функциялардын көбү атайын тармак кызматтардын болушун талап кылат.

Бул функциялар баардык эле тармактарда боло бербейт; кээ бир тармактар

кызматтарды пайдалануудан мурда тейлөөнү камсыздоочу менен атайын

макулдаштыкты талап кылышы мүмкүн. Тармак кызматтардан пайдалануу

маалыматты жеткирүү түрүндө өтөт. Кызмат тейлөөчүңүз менен үй тармактын

жана башка тармактарда болуудагы акы төлөө маалыматын тактаңыз. Сиздин

кызмат тейлөөчүңүз көрсөтмөлөрдү жана каржылоо кандай өлчөмдө алуусун

түшүндүрмө бере алат. Кээ бир тармактар тарабынан сиздин тармак

кызматтардан пайдалануусуна чек коюлушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир тармактар

бардык тилдерде колдонулуучу символдорду жана кызматтарды колдобошу

мүмкүн.
Сизди кызмат тейлөөчүңүз белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып же

активдештирбей коюуну сурап калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай

функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Ошондой эле,

аппаратыңыз меню аттарын, анын ирээтин жана сүрөтчөлөрдү өзгөрткөн

башкача конфигурацияга ээ болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн кызмат

тейлөөчүңүз менен байланышыңыз.
Бул аппарат TCP/IP протоколунда иштеген WAP 2.0 протоколун (HTTP жана SSL)

колдойт. Бул аппараттын мультимедия кабар алмашуу (MMS), барактоо жана e-

mail тиркеме окшогон кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга тармактын

колдоосу талап кылынат.