Nokia 2700 classic - Кирүү коддор

background image

Кирүү коддор

Коопсуздук коду телефонуңузду уруксат берилбеген колдонуулардан коргоого

жардам берет. Баштапкы берилген код 12345. Сиз өзүңүздүн кодуңузду түзүп

жана аны алмаштыра аласыз, ошондой эле телефонуңузду ал кодду талап кылуу

функциясын орното аласыз. Кодуңузду жашыруун жана коопсуз жерде,

телефонуңуздан өзүнчө сактаңыз. Эгерде сиз, кодуңузду унутуп калсаңыз жана

телефонуңуз бекилүү болсо, телефонуңуз керектүү кызматты талап кылат жана

ал үчүн кошумча акы алынышы мүмкүн. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Nokia Care

түйүнүнө же телефонуңузду сатып алган сатуучуга кайрылыңыз.
PIN коду менен камсыздалган SIM карта уруксатсыз колдонуудан корголот. Кээ

бир SIM карталар PIN2 коду менен камсыздалат, жана алар белгилүү бир

кызматтарга кирүүгө керектелет. Эгерде сиз, PIN же PIN2 кодун үч жолу, ирети

менен туура эмес киргизип алсаңыз, анда сизден, PUK же PUK2 кодун

киргизүүңүздү сурайт. Эгерде алар сизде жок болсо, кызмат камсыздоочуңузга

кайрылыңыз.
PIN модулю сиздин SIM картаңыздын коргоо модулюндагы маалыматты билүүгө

пайдаланат. Кол коюлчу PIN дин санарип кол коюу түзүүдө кереги тийип калат.

Чектөө шартсөзү чалууну чектөө кызматын колдонгондо талап кылынат.
Телефонуңуз иштегенде кирүүчү коддор жана коргоо орнотуулары кандайча

пайдаланып тураарын билүүгө Меню > Орнотуулар > Коопсуздук тандаңыз.