Nokia 2700 classic - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө

маалымат

Сиздин аппаратыңыз кайрадан заряддоого болгон батареядан иштейт. Бул

аппарат менен иштетүүгө бекитилген батарея BL-5C болот. Nokia бул аппаратка

ылайыкталган батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Бул

аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө

бекитилген: AC-3. Заряддагыч модельдин так номери сайгычтын түрүнө карата

өзгөрүлүп бериши мүмкүн. Штепсельдин түрү төмөнкүлөрдүн бири менен

аныкталат: E, EB, X, AR, U, A, C же UB.
Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө

ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана сүйлөшүү режимдеринин убактысы

демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз. Nokia

тарабынан жол берилген батареяларды пайдаланыңыз жана батареяны Nokia

тарабынан жол берилген, ушул аппарат үчүн атайын чыгарылган түзүлүштөр

менен гана заряддаңыз. Көрсөтүлбөгөн батарейка же заряддоо түзүлүшүн

колдонуу от чыгуу, жарылуу, батарейканын ичиндеги суюктуктун агуусу же башка

коркунучту алып келиши мүмкүн.
Эгер алмаштырылып жаткан батарея биринчи жолу иштетилип жаткан болсо же

узак убакыт бою иштетилбеген болсо, заряддону баштоо үчүн заряддагыч

түзүлүштү кошуп, ажыратып жана кайрадан кошууга керек болушу мүмкүн.

Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу деңгээлинин

көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин же чакырууларды жасоого мүмкүн

болгонго чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты

өчүрүү керек.
Заряддагыч түзүлүштү колдонулбаган убакта электр розеткадан жана

аппараттан ажыратып коюңуз. Толугу менен заряддалган батареяны заряддагыч

түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча заряддоо

батареянын колдонуу убактысынын кыскартып ийет. Колдонулбаса деле толук

заряддалган батарея убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.

© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

32

background image

Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы

температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан тыш температуралар

батареянын батыруу көлөмүн жана колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же

муздаган батареясы бар аппарат батарея толук заряддалганына карабастан

убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын иштөө мөөнөтү тоңуу

температурасынан бир топ төмөн температурада өзгөчө кыскарат.
Батареянын кыска туташуусуна жол бербеңиз. Кокустан кыска туташуулар

монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар батареянын оң (+)

жана терс (-) терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо болушу

мүмкүн. (Терминалдар батареяда металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай

кокустуктар сиз, мисал үчүн, батареяны өз чөнтөгүңүздө бош алып жүргөндө

чыгышы мүмкүн. Терминалдардын кыска туташуусу батареяга же тийген буюмга

зыян кылышы мүмкүн.
Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяга

зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү

эрежелерди сактап жок кылыңыз. Мүмкүн болсо иштетүүгө берүүңүздү

суранабыз. Кадимки үй чарба таштандысы катары таштабаңыз.
Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп же

өз өзүнчө бөлбөңүз. Батареядан суюктук аккан учурда анын тери же көзгө

тийүүдөн оолак болуңуз. Эгер андай кокустук орун алган учурда терини же көздү

аккан сууга тосуп, жууңуз же медициналык жардам сурап кайрылыңыз.
Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет

кылбаңыз, сууга же башка суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз.
Батареяны туура эмес колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка коркунучту алып

келиши мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге, айрыкча катуу

тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз,

аны кайра пайдалануудан мурда кызмат ишканасына жарамдуулугун текшерүүгө

алпарыңыз.
Батареяны көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Иштен чыккан зарядоо

бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан

алыс кармаңыз.

Батарейка

© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

33